Бишкек – “Саясат.kg”. КР Акыйкатчысы Турсунбек Акундун пикиринде тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттерде эркинен ажыратылган же жок жерден күнөөлөнүп, абакка отургузулган жарандарыбыздын укугун коргобой жатат. Себеби аталган министрликтин башчысы Руслан Казакбаев баш болуп, болор-болбос шылтоо үчүн эки мамлекеттин ортосундагы мамилени бузуп албайлы деп чочулашат. Бул тууралуу КР Акыйкатчысы Т.Акун уулу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтты.

 

“КР ТИМ жетекчиси Р. Казакбаев тышкы маселелерди чечпей эле “свадебный генерал” болуп калды. Бир күн көрсөң Лондондо, экинчи күнү Москва, Вашингтондо жүрөт. Анткен менен элге жасаган пайдалуу иши жок. Мактаганы дайыма мамлекет башчылары. Макул, мактай берсин, кошомат кылсын, бирок эл үчүн да иштеш керек да. Мисалы, азыр Казакстандын түрмөлөрүндө 28 жарандарыбыз жатат. Аларды казак милициясы поездден түшүрүп эле камап коюшкан. Москвада болсо 100гө жакын, Россияда жалпысынан 400 кыргызстандыктар эркинен ажыратылган. Жок дегенде аларды тиешелүү мыйзамга ылайык өз мекенине экстрадициялоо маселеси көтөрүлүш керек. Булардын көпчүлүгүнүн күнөөсү далилденген эмес. Тышкы иштер министрлиги эмне үчүн алардын укугун коргобойт?
 
Себеби мамлекеттер аралык мамилени бузуп албайлы деп коркушат. Мына жакында Үркүн курмандыктарын эскерели деп Каркырага баргандарды жергиликтүү эле бийлик “кокуй, казактардын каарына калбайлык” деп киргизбей коюшту. Индонезияда эркинен ажыратылган Жибек Сакееванын маселесин да мен көтөрдүм. Тышкы иштер министри болсо ар кайсы өлкөлөрдө саякаттап жүрөт. Мен Р. Казакбаевди кызматтан кетсин деп да чыкканмын. Азыр ал сөзүмдү кайтарып алам. Макул, пенсияга чейин деле иштей берсин. Бирок элдин тагдырын ким ойлойт”,- деди Т. Акун уулу.
 
Акыйкатчынын айтуусунда, Иран Ислам Республикасында күнөөсүз түрмөдө жаткан жердешибиз Улмаз Маматканов тууралуу маалыматты да ТИМ эки жылдан бери билсе да билмексен болуп келген.