Бишкек – “Саясат.kg”. Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айылынын жашоочусу, 1982-жылы туулган Маматханов Улмаз Момуханович эки жылдан бери Иранда түрмөдө кармалууда. Эмнегедир Иран бийлиги эки жыл боюу У. Маматхановдун кармалгандыгы тууралуу маалыматты жашырып келишкен. У. Маматхановдун атасы Момухан Маматхановдун айтуусунда, анын уулу күнөөсүз эле жок жерден кармалып, андан кийин “шпиондук кылды” деген айып тагылып, Иран Ислам Республикасынын революциялык соту тарабынан акталган. Бирок аталган мамлекеттин жогорку соту У. Маматхановдун ишин кайра карап, 10 жылга эркинен ажыраткан. У. Маматхановдун атасы менен апасы үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Кыргызстандын ИИРдеги элчиси М. Шеримкуловдун жана консул С. Ибраевдин жардамы менен Мешхедге барып, баласы менен жолуккан.

 

“Менин уулум Жалал-Абад шаарында уюлдук телефондорду оңдоо менен алектенчү. Ал керектүү тетиктерди Мешхед шаарынан ташып жүргөн. Мен ага “Эмне үчүн алыска барып, каражат коротуп жүрөсүң, андан көрө Кара-Суу базарынан эле албайсыңбы?” десем, “Ата, Кара-Суудагы тетиктердин сапаты начар, Мешхедде сапаттууларын тапса болот”,- деген. Тилекке каршы аны 2009-жылы май айында Ирандын бийлиги Мешхедден Бишкекке учуучу самолетко отуруп жатканда кармап кетишкен. Ошондон бери балам Тегерандагы “Эвин” жана Мешхеддеги “Вакиль Абад” түрмөлөрүндө кармалып келген. Биз улам улам ал жакка кайрылып жана Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун жардамы менен гана балабыздын Иран түрмөсүндө экендигин билдик”,- деди М. Маматханов.
 
Атасы Момухан Маматхановдун айтуусунда, анын уулуна жергиликтүү сот эч кандай так күнөө тага албай эле кийин айла жоктон “шпиондук кылды” деп айыпташкан. Ал эми бул иш менен Тегеранга үстүбүздөгү жылы май айында атайын барган КР Акыйкатчысы Т. Акундун өзүнүн айтуусунда,  У. Маматхановдун күнөөсү жок экендигин тактаган соң ал жаткан абакка 30-майда маскачан белгисиз бирөөлөр киришип, фарси тилинде жазылган бир кагазга коркутуп кол койдурууга аракет кылышкан. Ал кылмыш ишин жок жерден козгоп, арткы число менен революциялык соттун актаган чечимин жокко чыгарган жогорку соттун чечими болгон. Бирок У. Маматханов ал кагазга кол койгон эмес. 1-августта баласы менен болгону Иран ТИМ кызматкеринин катышуусунда 30 минуталык жолугушууга уруксат алып, Мешхедге барган У. Маматхановдун апасы эси ооп, 10 минута жатып калган. Анткени анын колуна кишен салып келишкен. Денеси көгөрүп, шишип кеткен.
 
Ал эми 4-августта У. Маматхановдун ата-энеси ИИР революциялык сотунун имаратына барышып, соттун чечиминин көчүрмөсүн сурашканда, ал жерде Тегеранга шылтоолоп бербей коюшкан. Бул жерде прокурордон  уулу менен дагы 45 минута жолугууга уруксат алышкан. Ошол учурда алар уулу менен сүйлөшүүдө эки ирет сот болуп, биринчисинде актаган чечим чыккандыгын, бирок экинчи сотто (жогорку сотто) айыпталуучунун катышуусусуз Улмасты 10 жылга эркинен ажыратышкандыгын билишкен. Бирок ал сот отурумунда айыптоочу да, соттоочу да бир эле адам болгон.
 
Учурда Маматхановдор Иран бийлигине уулунун күнөөсү болсо далилдеп берүүсүн жана эркинен ажыратылса, Кыргызстанга экстрадициялоону талап кылышууда. Тилекке каршы КР Акыйкатчысы Т. Акундун айтуусунда, Кыргызстан менен ИИР ортосунда соттолгондорду экстрадициялоо боюнча мамлекеттер аралык келишим жок.