Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин «Көчмө коомдук кабылдамасы» 2011-жылдын 3-август күнү Талас облусунун Манас районунан өзүнүн жарандарды кабыл алуу боюнча жумушун баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

 

Алдын ала облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларга, айылдык округдар менен айыл башчыларына кабыл алуулар боюнча маалыматтар берилген. «Көчмө коомдук кабылдамага» негизинен айыл округдары менен айыл башчылары келишип, айылдардагы көйгөйлөрдү айтышты. Манас районунда негизги көйгөй жер алдынан чыккан суулар жарандардын турак-жайлары менен эгин аянттарына зыянын тийгизип жаткандыгы экен. Айрым эгин талаалары жер алдынан чыккан суулардын айынан камыш басып жаткандыгы, кээ бир чуңкурчаларга суу толуп жаш балдардын сууга түшүп кетүү коркунучун пайда кылып жаткандыгы айтылды. Тилекке каршы, бул көйгөй менен алектенген эч ким жоктугун айтышкан айыл округ башчылары бул маселени Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен башка эч ким чече албастыгын айтышат. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерин, калктуу конуштарын жана аймактарын суу каптоого байланышкан проблемаларды чечүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» №819 токтомунун негизинде жер алдынан чыккан суулар менен иштөө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигине милдеттендирилип калган экен, ошол учурдан бери бул маселе кароосуз калды, дешет айылдык округдун башчылары.
 
«Көчмө коомдук кабылдама» андан ары Кара-Буура районунда уланып, бул жерде деле негизги көйгөй жер алдынан чыккан суулар экендиги айтылды. Башка аймактардан айырмаланып Кара-Буура районунда куюн көп болоорун Чоң-Арык айылдык округунун башчысы Б.Стамалиев билдирди. Анткени, эгер шамал секундасына 25 метрден өтсө, ал өзгөчө кырдаал катары катталат, ал эми куюн болуп кетсе, эч жерде катталбай калууда. Ушул маселени Өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлерине киргизүү маселесин кароону сунуштады. Мындан сырткары жайыттар үчүн акча төлөп, бирок ал жактарга баруучу жолдордун кароосуз калгандыгы да кендирди кесүүдө, дешет айыл башчылары. Бүгүнкү күндө 22 үй-бүлө жайлоодо калышып, жол каттамы жок экендигин мисал катары айтышат. Ал эми жайыттарга төлөнгөн акча каражаттары кайда жумшалып жаткандыгын айткан эч ким жок, дешет айыл аксакалдары.
 
Жогорудагыдай эле проблемалар облустун Бака-Ата жана Талас райондорунда жана Талас шаарында да айтылды. Айрыкча Талас облусунун Манас айылынын жашоочулары жер алдынан суунун чыкканына бир айдан ашып кетсе да, тиешелүү органдар келбегендигин айтышууда. Бул маселени Сооронбай Жээнбеков айыл чарба министри болуп турганда келип, тез аранын ичинде чечип берүүгө убада берген эле, ошол бойдон кабар жок, дешет айыл аксакалдары. Өкүнүчтүүсү бул айылда кайсыл үйгө баш баксаң да жер төлөсүн суу басып жатат. Ошондой эле айылдагы мектептин да пайдубалынын жарымынан суу басып жатат. Бул маселе менен бүгүн күрөшпөсө, эртең калкка да мамлекетке да чоң зыян алып келээри талашсыз.
 
Жер алдынан чыккан суулар менен алектенген мамлекеттик мекеме келип биздин маселенин чечип берсин деп барган кишиден саламын айтып отурушат айылдык округдун башчылары. Өздөрүнүн бул маселени чечүүгө колдорунда эч нерсе жок экендигин да кошумчалашты.
 
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өздөрүнө тиешелүү маселелерди өз убагында так жана сапаттуу аткарып жаткандыгына кабылдамага келгендердин баары ыраазычылыктарын билдиришти. Ушундай эле тажрыйбаны башка министрликтерге да жайылтсаңар, алар да калктын көйгөйлөрү менен жеринде таанышып, маселелерди чечүүгө жакындан жардам көрсөтүшсө, дешет айыл башчылары менен аксакал аталар.
 
«Көчмө коомдук кабылдаманы» уюштуруп жаткан комиссия бул маселелерди Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевге түздөн-түз жеткирээрин убада кылышты.
Баракелде