«Алиби» гезитинин 9-августта чыккан санында жазылгандай, нарколог Жеңишбек Назаралиев кайрадан үн катты.

 

Гезитте айтылгандай, Римден кыргызстандыктарга кат жолдоп, президенттикке барбай тургандыгын билдириптир. Кайда жүрсө да мекенинен кабардар болуп тураарын баса белгилеп президент Роза Отунбаеванын билими менен тажрыйбасы, интеллекти менен авторитети кыргыз саясатчыларынын арасында эң бийик тураарын жазып чыгат.
 
«Ал турганда бизге жаңы президенттин эмне кереги бар? Эмнеге шайлоо деп ири суммадагы акчаларды сарптайбыз? Эмнеге кайрадан элди түндүк менен түштүккө бөлөбүз? Ушул шайтан оюндардан балким жарандык чыр-чатак чыгып кетпейт деп ким кепилдик берет?» деген суроолорду мекендештеринин алдына коет, нарколог. Кыскасы Римден жолдонгон катта ал Роза Отунбаеваны президенттикке талапкер болууга чакырып, эл ошондо татыктуусун шайламак деген пикирин билдирген, деп жазылган гезитте.
Баракелде