«Алиби» гезитинин 9-августта чыккан санында жазылгандай, айтылуу Азимбек Бекназаров суракка чакырылды.

 

Кайсы маселеде сурак бергенин тактай албадык. Кыркы күндөрү оң жээк, сол жээктен жалаң бут тосууларга кабыла баштаган Бекназаров жөн жатпай, Аксыны аралап эл менен жолугушууда жүрөт, деп жазат гезит.
 
Гезитте айтылгандай, ал Аксынын аксакалдарын чогултуп, масилет куруп жатыптыр. Эгер эл кааласа, батасын берсе, көптүн катарында жарышка түшмөкчү. Ошол эле маалда А.Акаевдер адвокат жалдап, элдешкис душманы болгон Бекназаровго каршы атака баштаганы да белгилүү болду. Акаевчилер башкасын болбосо да, Бекназаровго бирди көрсөтөлү деп шерттешкени айтылууда, дейт гезит.
Баракелде