Бишкек – “Саясат.kg”. 8-август күнү саат 16:30 чамасында Ноокат районунун Кайрагач айылындагы Найман суу сактагычына 40 жаштагы жергиликтүү адам чөгүп кеткен.

 

Азыркы учурда КР ӨКМ куткаруучулары менен анын туугандары издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бирок бүгүнкү күнгө чейин сууга чөккөн адам табыла элек. Бул тууралуу КР ӨКМ маалымат кызматы билдирди.