Бишкек – “Саясат.kg”. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында июнь айындагы селдин жана  жер титирөөнүн кесепеттерин жергиликтүү жашоочулар ашар ыкмасы менен калыбына келтирип жатышат. Учурда шаардык китепкананын жерпайын  китепкананын 6 кызматери куюп бүтүштү.

 

Ал эми “Баластан” жана “Наристе” бала бакчаларын оңдоо иштерин, бакчанын 16 кызматкерлери аякташты.
Ошондой эле 25 орто, 68 кичине бузулган үйлөрдү оңдоо иштерин да үй ээлери өздөрү жүргүзүп жатышат.
Мамалекет тарабынан 12-июндагы селден жабыркаган 29 үй-бүлөгө 50миң сомдон, 12 үй-бүлөгө 10 миң сомдон, жалпысы 1млн.    570 миң сом таркатылган.