2011-жылдын 8-август күнүнүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына КР президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө «Ата Мекен» жана «Эркин Кыргызстан» саясий партияларынан протоколдор келип түштү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

 

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы, 1958–жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевдин, ал эми «Эркин Кыргызстан» партиясы партиянын лидери, 1958–жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, философия илимдеринин кандидаты Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин көрсөтүштү.
 
Өзүн өзү көрсөткөндөрдүн тизмесин төмөнкү талапкерлер: 1962 –жылы туулган, жеке ишкер Өмүрбүбү Бегалиева, 1969-жылы туулган, убактылуу иштебеген Төрөбай Колубаев, 1952–жылы туулган, техника илимдеринин кандидаты, «Чүйэлектро» ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси Алманбет Матубраимов толукташты.
 
2011–жылдын 8–августуна карата КР президентинин кызмат ордуна 41 талапкер көрсөтүлдү, алардын 9 – саясий партиялардан, 32 – өзүн өзү көрсөткөндөр.
Баракелде