Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү учурунда “Бишкек” дуэти – Арсен Жумабеков жана Айбек Замирбек уулу менен жолугушту. Бул эстрада ырчылары Юрмалада өткөн конкурста Кыргызстандын намысын коргоп келишкен. 


Мамлекет башчысы Айбек менен Арсенди “Жаңы толкун” конкурсунда 4-орунга ээ болушкандыгы менен куттуктады. “Силердин ишиңердин натыйжасы бардык кыргызстандыктарды кубантты. Биринчи жана төртүнчү орундарга берилген баллдардын ортосундагы айырмачылык аз эле экен, демек, конкурстун катышуучуларынын арасындагы атаандаштык өтө күчтүү болгон. Кыргызстандагылардын баары силерге күйөрман болуп, жеңишиңерге сыймыктанды”, - деди Р.Отунбаева.

Президент искусство коомдун авангардында болуу менен элдин мыкты жактарын өнүктүрүүгө иштеши керектигин айтты.

Жолугушуу учурунда Арсен менен Айбек мамлекет башчысына конкурс кандайча өткөндүгү, ага кандайча даярдык көрүлгөндүгү туурасында айтып берип, Роза Отунбаевага жеке колдоосу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
“Сиздин жеке колдооңуз үчүн терең ыраазычылык билдирип койгубуз келет. Конкурска даярдык көрүү учурунда да, кийин конкурска катышып жаткан учурда да биз Сиздин колдооңузду сезип жаттык. Сиздин Аппаратыңыздын маалыматтык колдоосуна, ошондой эле баннерлерди даярдап, илүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазыбыз”, - деди дуэттин продюсери Өмүрбек Андарбеков.

Жолугушуунун аягында Арсен менен Айбек мамлекет башчысына бир нече конкурстук композицияларды аткарып беришти. Президент мамлекет тарабынан Кыргызстандын намысын эл аралык деңгээлде коргоп келе жаткан таланттуу кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүлүшү керектигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы