Укук коргоочу жана жаштардан турган 10 чакты адам бүгүн Бишкекте Сотторду тандоо кеңеши иштеп жаткан “Достук” мейманканасынын алдында митинг өткөрүштү. Катышуучулардын бири Айсулуу Алымбек кызынын “Азаттыкка” айтымында, алар Сотторду тандоо кеңешинин төрагасын кайра шайлоону талап кылышууда.

Митингчилер Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбековдун мурда аттестациядан өтпөй калганын, буга чейин сот болуп иштеп турган чакта мыйзамсыз чечимдерди чыгарганын жүйө коюп, сотторду тандоодо ачыктык болбой жатканын белгилешүүдө. Айсулуу Алымбек кызы митинг “Мен ишенбейм” деген ураан менен 3-августта да улантыларын кошумчалады.

Ал эми Базарбеков мындай дооматтарды четке кагып, мурдагы президент Аскар Акаев бийликте турган учурда саясий куугунтукка кабылганын “Азаттыкка” билдирди. Ал укук коргоочулардын учурдагы аракеттерин атайын өзүнө каршы уюштурулган иш-чара деп белгилеп жатат.

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекитилген. Ага ылайык, бул кеңешке 24 адам кирип, төрага болуп Замирбек Базарбеков шайланган. Бул кеңеш Кыргызстандагы 450дөн ашык судьялардын кызмат ордуна ылайыктуулугун кайра карап чыкмакчы.

Азаттык