Бишкек – “Саясат.kg”.  КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда ушул жылдын 31-июлунда Ош-Аэропорт унаа жолунда болгон авто-жол кырсыгынан каза тапкан жана жабыркагандардын аты-жөнү такталды.

 
 Каза болгондор:
 
 1. Исаев С. 1966-ж.т. Ош шаарынын тургуну;
 2. Амирбеков А. 1987-ж.т., Баткен облусунун тургуну;
 3. Тойчиева А. 1958-ж.т., Баткен облусунун тургуну;
 4. Тойчиев Д. 1985-ж.т., Баткен облусунун тургуну;
 5. Келдибаев А. 2010-ж.т., Баткен облусунун тургуну, Ош облустук балдар ооруканасында каза болгон.
 
 Жабыркагандар:
 
 1. Мамаев С. 1988-ж.т., Ош шаарынын тургуну. ( “Мерседес-Бенц” автоунаасынын айдоочусу).
 2. Ысабеков Т. 1985-ж.т., Баткен облусунун тургуну;
 3. Көчкөнбаева Т. Баткен облусунун тургуну.