Бишкек – “Саясат.kg”.  КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда 1-августа Бишкек-Ош авто жолунун 267-чакырымында “Дэу-Матиз” ( мам.№.О 09-48 Q) үлгүсүндөгү автоунаа менен БМВ ( мам.№. S 04-44 V) үлгүсүндөгү автоунаа сүзүшкөн. Жол кырсыгы болгон жерге КР ӨКМнин Токтогул шаарынан 5 куткаруучусу келип, авто-жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 7 адам жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүшкөн.

 
 Каза болгон адам:
 
 1. Ботобаева Н. 1929-ж.т. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну.
 
 Жабыркагандар:
 
 1. Курумбеков М. 1952-ж.т., Ош шаарынын тургуну.( БМВ автоунаасынын айдоочусу).
 2. Курсанали уулу К. 1998-ж.т. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
 3. Курсанали уулу Т 2000-ж.т; Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
 4. Курсанали уулу А. 2002-ж.т; Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
 5. Токтосунов А. 2010-ж.т; Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
 6. Кудайбердиева М. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;
 7. Ботбаев К. 1974-ж.т., Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, ( “Дэу-Матиз” автоунаасынын айдоочусу).
 
 Каза болгон жана жабыркагандар Токтогул районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.