Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1635

Бишкек – “Саясат.kg”.  2-августта эртең мененки саат 9:00 чамасында Ош шаарына газ берүү токтотулду. Анын себеби, Ош-Хаджиабад жаратылыш газын өткөрүүчү магистралынын 54,6 километринде авариялык абал түзүлгөн. Бул тууралуу Ош шаарынын газ чарба башкармалыгынын орун басары Абдыманап Момунов билдирди.

 

Анын айтымында, газ өткөрүү түтүктөрү кызмат кылганына 25 жылдан ашканына байланыштуу мындай авариялык абал акыркы кезде көп учурай турган болду.
 
«Азыр биз ошол калыбына келтирүү үчүн авария болгон жерде турабыз. Калыбына келтирип, кечки саат 5терге чейин жаратылыш газын элге берип калабыз», - деди А.Момунов.