Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1236

Улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору Артур Медетбеков «Алиби» гезитинин 2-августта чыккан санындагы маегинде УКМКнын ардагери Аскарбек Мамеевдин бысылмалардын бирине А.Медетбеков Жаныш Бакиевди качырганы үчүн миллион доллар алган деген билдирүүсүн комментариялады.

 

«Ал деген Аскарбек Мамеевдин логикага жатпаган жөө жомокторунун бири экендиги баарына эле көрүнүп турат, - дейт Медетбеков. - Эгер КГБда иштеп, өзүн чекист катары эсептесе, анда менин дарегиме мындай жалган жалааны жабардан мурда алдын ала текшерип, изилдеп-иликтеп, кандайдыр бир далилдер менен айтса бир жөн эле. Анан өзүнүн ооруган фантазиясы менен урдура бергендин да чеги болот да, же ал киши айтылган сөздүн атылган октон катуу тийерин билбейби? Андыктан, мен муну жөн койбойм, эгер жашыраак болсо ал менен башкача сүйлөшөт элем, бирок карып калгандыгын сыйлап, мага негизсиз күнөө коюп, ак жерден каралагандыгы үчүн кечээ (1-августта) сотко бердим. Ошол процесс учурунда мындай билдирүүнү кайсы фактылардын негизинде айтып жатканын далилдеп берсин. Эгерде далилдей албай, тилин чайнап кала турган болсо, анда ошол өзү айтып жаткан 1 млн долларды Жаныштан алып келеби, же К.Дүйшөбаевден алып келеби, төлөп берсин. Мен, ал акчаларды өткөн жылы 7-апрелде каза болгон 90 жигиттин үй-бүлөсүнө бөлүп берем».
 
Баракелде