Бардык ысымдардын айтыла турган өзүнүн убагы бар. Эгер интрига токтобой, мага карата ушундай мамиле улана бере турган болсо, анда мен дагы президентикке талапкерлигимди коюп-койбоону ойлонуп көрөм, дейт «Алиби» гезитинин 2-августта чыккан санындагы маегинде ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков.

 

Анын айтымында, кызмат деген бул колдун кири, бүгүн бар да, эртең жок, өмүр бою кызматта эч ким жүрбөйт. «Демек, эл жүгүн көтөрөм деп мамлекеттик кызматтарды аркалаган адамдар жеке кызыкчылыктарын сандыктарына катып, көшөгө артындагы оюндардан алыс болсо, таза иштешсе мага эмес, өздөрүнө эле жакшы болмок. Кокус эртең кызматтан түшүп калып көчөдө жүрүшсө да, эл алдында жүздөрү жарык болот го. Анан ыплас иштер менен эле алек боло беришсе, эл көргөндө аны менен учурашмак тургай, ашатып сөгүшөт да. Ошондой мамиле кылып жатса, экс-аткаминер үчүн мындан өткөн жаза барбы? Интриганын интригандарга учурунда пайдасы тийиши мүмкүн, бирок келечекте зыяны болбосо, пайдасы тийбейт», - деди Келдибеков.
 
Ал кошумчалагандай, ошондой ыплас иштерге аралашып жаткан аткаминерлердин жеке амбициялары мамлекеттик кызыкчылыктан да бийик болуп баратканы өкүндүрөт. «Ошол интриганын кучагына чырмооктой чырмалып калган аткаминерлер саясатчыларды элге жек көрсөтүүдөн тышкары, президенттик шайлоо жакындаган сайын, айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык эле алакандай кыргыз элибизди түндүк-түштүккө бөлө башташты. Алар сокур тыйын, кайдагы бир кызмат үчүн атайы ушул маселенин жарасын тырмап, ырбатышып жатканына тынчсыздангандар көп. Эгер, мамлекет тагдырын ошондой адамдарга талкалатып алсак, анда келечек муун бизди кечирбейт», - дейт спикер.
Баракелде