Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1546

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдишарип Бекиловдун маалыматы боюнча, Баткен облусунун Баткен райадминистрациясынын башчысы Х.Айкынов 2011-жылдын 1-августу күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына райондун аймагындагы Кыштут, Суу-Башы, Төрт-Гүл, Дара жана Кара-Бак айыл округдарында жер титирөөдөн (20.07.2011-ж.) жабыркаган жарандарды чатырларга жайгаштыруу зарылдыгы пайда болгондугун айтып кайрылган. Жергиликтүү Жарандык коргоо комиссиясынын аныктоосу боюнча 20 үй бүлөө бүгүнкү күндө турак-жайлары жараксыз абалга келгендигин да кошумчалаган.

 

Жогорудагы кат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан министрликке жөнөтүлүп, министр Болотбек Борбиевдин тапшырмасы менен бүгүн башкача айтканда 2011-жылдын 2-августу күнү ӨКМнин Ош шаарындагы Борбордук куткаруу отрядынан Баткен облусунун Баткен районуна жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандар үчүн беш орундуу 20 даана чатырлар жеткирилип берилди.
 
«Баткен райадминистрациясы буга чейин кайрылганда ӨКМ турак жайлары жабыркаган жарандарды өз учурунда эле чатырларга жайгаштырып коймок», - деп кошумчалады А.Бекилов.
Баракелде