Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1457

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков «Алиби» гезитинин 2-августта чыккан санындагы маегинде билдиргендей, ЖКнын бардык депутаттары Эмгек кодексине ылайык, 1-июлдан 1-сентябрга чейин эс алууга кетишкен.

 

«Мен парламент төрагасы болсом да башка депутаттар, чиновниктер сыяктуу эле эс алууга укугум бар. Бирок, мен башкалардан айрымаланып, бир ай эмес, бир жума гана эс алсам, ошону да айрымдар көралбай, Бириккен Араб Эмираттарына кетти дешип, ар кандай «интригаларды» таркатууга үлгүрүштү. Тигил жактан окуп алып, бир чети күлкүм, бир чети жиним келди. Чынында, мен Түркияга барып эс алып, кийин Москвага конуп, өзүмдүн бир-эки күндүк иштеримди бүтүрөрүм менен эле 31-июлда кайра учуп келдим. өзүңүздөр билгендей, өткөн жылы да парламенттик шайлоо бүтүп, жаңы эле төрага болуп шайланып, Ысык-Көлдөгү тоолордун бирине үй-бүлөм менен кышкысын лыжа тепкени барсам да, К.Көлбаев менен жолугушту деп негизсиз каралашты эле. Ал менен жолукпагандыгымды Улуттук коопсуздук кызматы да тастыктабадыбы», - дейт Келдибеков.
 
Спикердин айтымында, өткөндө парламенттик делегация менен Малайзияга мамлекеттик иш сапар менен барганда дагы «10 миллион сом коротушту», деп ач айкырык салышты.
 
Адам адам менен адам болот да, биздин өлкө парламенттик республика болгондон кийин, башка өнүккөн өлкөлөр менен мамиле куруп, карым-катнаш түзүп, сүйлөшүүлөрдүн артында мамлекетибиздин экономикасынын көтөрүлүшүнө салымыбызды кошоюн деп жүрөбүз. Эки колубузду чөнтөккө салып, эч жакка чыкпай көкүрөк кагып олтура бергенде бирөө келип биздин озубузга аш салып береби, - дейт төрага.
 
«Мен Малайзияны көрүп, эс алуу үчүн барган жерим жок. Буга чейин эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырып, көрүп келгем. Бир жолу чыдадым, эки жолу чыдадым, бирок бардык нерсенин өзүнүн чеги болот да, «интрига» жасап, бири-бирибиз менен чабыштырганды качан коюшат? Тартип орноп, ынтымак өкүм сүргөндө гана иш алдыга жылат экен. Анан итче ыркырашып жүрсөк, «бир күн уруш болгон жерден миң күн ырыскы качат», дегендей эле болот да», - деди Келдибеков.
Баракелде