Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1590

«Фабула» гезитинин 2-августта чыккан санында жазылгандай, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң алгачкы жолу өтө коркунучтуу кылмышкерлер үчүн өзгөчө абак түзүлдү.

 

Гезитте айтылгандай, өкмөт башчы А.Атамбаевдин жарлыгына ылайык, мурунку СИЗО-50 базасында абактан башы чыкпаган рецидивисттер, адам өмүрүн кылча көрбөгөн ашынган кылмышкерлер бир кармалмай болду.
 
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү катуу баштаган өлкө жетекчилеринин колдоосу аркылуу мурдараак да жалаң уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар кылмышкерлер үчүн өзүнчө абак курулган. Ал абактагыларга уюлдук телефон колдонууга, сырткы дүйнө менен байланышууга катуу тыюу салынган, деп жазылган гезитте.
Баракелде