Бишкек – “Саясат.kg”. Курманжан Датканын 200 жылдыгына карата “Алай ханышасы” даректүү фильми Баткен областынын бардык аскер бөлүктөрүндө жана ар бир айылда көргөзүлөт.

 
Бул тууралуу Баткен областтык кинодирекция башкармалыгынын башчысы Тажидин Боркошев билдирди.
 
Буга чейин КРнын Кыргызкино агентсвосуна   Өкмөт тарабынан бөлүнгөн каржылоонун эсебинен Баткен областтык кинодирекцияга видео көрсөтүүчү техника менен камсыздалган атайын жеңил унаа берилген. Жер жерлерде кино коюуда көз карандысыз иштөө үчүн унаа видеопроектор, киноэкрандан сурткары электрогенератор менен камсыздалган
 
Курманжан Датканын 200 жылдыгына мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча кабыл алынган Өкмөттүк иш- чаранын алкагында област губернаторунун атайын буйругу менен бүтүндөй област аймагын кыдырып жер жерлерде мектептерде, аскер бөлүктөрүндө айылдык клубдарда тасманы элге тартууламакчыбыз - дейт Т.Боркошев.