Бишкек – “Саясат.kg”. 4-5-август күндөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында Кыргыз Республикасында шайлоолорду колдоо боюнча ПРООНдун долбоору  Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун өкүлчүлүгү жана шайлоо системаларынын эл аралык фонду менен биргеликте 2011-жылдын октябрына белгиленген президенттик шайлоону чагылдыруу боюнча журналисттерге тренинг өткөрөт.

 

Окутуу массалык маалымат каражаттары кызматкерлеринин шайлоонун укуктук базаларын, шайлоодо шайлоочуларды сатып алуу, административдик ресурстарды колдонуу, журналисттердин шайлоону чагылдырууда бейтараптыгы, кынтыксыз чагылдырышы, шайлоо комиссияларынын, байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, коопсуздук кызматкерлеринин жана соттордун ролу жана башка маселелерди мыкты өздөштүрүп алуусу үчүн теория жана практика түрүндө берилет.
 
Тренингди тажрыйбалуу тренер, Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн ММКтарындагы окутуу ишинде мол тажрыйба топтогон Зоя Казанжи, «Интерфакс» маалымат агентигинин жергиликтүү эксперти Наталья Любезнова өтүшөт.