Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча бүгүнкү сот ишинде депутатты өлтүрдү деп шектелген Мурас Маташев жана Алтынбек Итибаев маркумдун жакын санаалаштары тарабынан сабалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шектелүүчү Мурас Маташевдин агасы Назарбек Маташев кабарлады. Анын айтымында, сот учурунда маркумдун карындашы, ЖК депутаты Ыргал Кадыралиева бут кийими менен айыпталуучуларды сабаган жана аны менен чогуу келген 15-20 чакты спортчу балдар да кошо сабаганга үлгүргөн. Натыйжада Мурас Маташевдин башы жарылып, тез жардам чакырылып, сот үзгүлтүккө учураган.

Ыргал Кадыралиева болсо муну четке кагып, сот Итибаевдин адвокатынын келбей калганы үчүн жылдырылганын “Азаттыкка” билдирди. Ал буга чейин сот учурунда 50дөй бала ага моралдык кысым көрсөткөнүн, бүгүнкү соттук териштирүүдө Маташев темир торду сүзүп алганын кошумчалады. “Бүгүнкү соттук териштирүүгө өз каалоосу менен катышуу үчүн инилерим барган. Жаңжал атайын уюштурулган жок”, - деди ал.

Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы,“Ак жол” партиясынан парламентке келген Санжар Кадыралиев 2009-жылдын 14-апрелинде Бишкектеги үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн.

Азаттык