Бишкек – “Саясат.kg”. Бүгүн, 1-августта КР биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов  Япониянын Эл аралык кызматташтык уюмунун(JICA) вице-президенти Киеши Кодера менен жолугушту. Жолугушуу Ө.Бабановдун Японияга жумушчу иш сапарынын алкагында болду.

 

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Ө. Бабанов Япония өкмөтүнө Кыргызстанга үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп келаткандыгы, анын ичинде жолдорду оңдоо боюнча долбоорлорду, «Манас» аэропортун реконструкциялоого жана билим берүү чөйрөсүнө көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Жолугушуунун соңунда азыр иликтөө абалында турган «Япониянын Эл аралык кызматташтык борборунун Кыргызстанга 2012-2014-жылдарга белгиленген көмөк көрсөтүү стратегиясын» адаптациялоо боюнча келишим түзүлдү.
 
Мындан тышкары аталган борбор тарабынан Ысык-Көл облусун андан ары өнүктүрүү максатында «Ысык-Көл» (Тамчы) эл аралык аэропортун изилдөө келишими түзүлдү. Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Ө. Бабанов Японияда окуган кыргыз студенттерине мындан ары инженердик-техникалык адистиктерге которуу менен көп орун бөлүүнү суранды.
 
Андан ары тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтык маселесин, анын ичинде JICA долбоорлорун КР аймагында инфраструктуралык долбоорлорго каржылоону макулдашышты.