Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1689
Кыргызстанда 2003-жылы үй-бүлө жөнүндө мыйзам кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин бул мыйзамга эки жолу өзгөртүү киргизилген. Бул тууралуу мамлекеттик каттоонун жарандык абалдын актылары департаментинин директору Мария Алыбаева маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, мыйзамдын өзгөртүлүшүнө ички жана тышкы миграциялык шарттар себеп болууда. Учурда чет элдик жарандардын кыргыз балдарын багып алууга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча өзгөртүү киргизилген. Ал белгилегендей, президенттин буйругуна ылайык, буга чейин чет элдик жарандардын кыргыз балдарын багып алуусуна мораторий киргизилген.
 
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 60 миң бала кароосуз калды. Буга ылайык, чет элдик жарандардын кыргыз балдарды багып алганга уруксат берилди», - деди М.Алыбаева. Ошондой эле жарандардын паспорттогу аттарын өзгөртүү боюнча жеңилдиктер берилди. Мисалы жарандар чет жакка чыкканда «уулу-кызы» деген фамилия аттарына тоскоолдуктар болуп келген, ал эми бүгүнкү күндө фамилия же аттарын тез аранын ичинде жеңилдетилген түрдө өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
 
Кемин районундагы ЗАГС бөлүмүнүн башчысы Айнабүбү Исмаилова билдиргендей, буга чейин кыздар 16 жаштан никеге тура алат деп мыйзамда жазылган болсо, бүгүнкү күндө 17 жаштан никеге туруу каралсын деп айтылууда, анткени кыз жетилип толук билимге ээ болушу керек. Бул парламентте каралууда, бирок чечим чыга элек, деди А.Исмаилова.
Баракелде