Адистердин айтымында, бийликтин Бажы биримдигине кирүү үчүн арыз берүүгө камынуусу саясий кадам катары бааланууда. Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин айтуусунда, Бажы биримдиги түзүлгөндөн тарта Кыргызстан үчүн кыйын боло баштады. Азырынча алардын иштеринин башталышына гана күбө болуудабыз. Андыктан, ашыкпообуз зарыл. Бул жерде жалаң эле өнөктөштөрдүн эмес, Кыргызстандын да өз кызыкчылыгы бар экендигин эске салышыбыз керек.
 
Мурдагы вице-премьер министр, дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башында турган Эсенгул Өмүралиев буга азыркы тапта көбүрөөк кызыкдар Кыргызстандын өнөктөштөрү экендигин жашырбайт: Тогуз айдын жыйынтыгы көрсөттү. Казакстанда да, Белорусияда да ишкер коомчулуктун байкоосуна караганда Бажы биримдиги өзүнүн терс жактары менен гана эсте калууда. Бул жерде бир гана Росия утушка ээ болушу мүмкүн. Мындай союздун келечеги күмөндүү. Негизи эле Бажы биримдиги экономикалык ыңгайга эмес, саясий максатта түзүлгөн. Себеби, Россияны Дүйнөлүк соода уюму албай койгондон кийин, ал аталган бажы биримдигин түзүү аркылуу жамааттык негизде уюмга кирүүнү максат кылып жатат. Ошондуктан, биз Бажы биримдигине кирүүгө шашпай, алардын өздөрүнүн ДСУга киришин күтүшүбүз керек. Эгерде аймактык бажы биримдиги иштеп кетсе, ДСУнун шарттары менен, бир кыйла бажы тарифтери түшкөн учурда гана ага кошулсак болот. Азыр бизге ал союзга кириштин пайдасынан зыяны көп”.

Бажы биримдиги бир топ мамлекеттердин башын кошкон аймак болуусу тийиш. Баарынан да көбүрөөк кызыкдар Россия мамлекети экендигин эл аралык эксперттер да ырасташат. Колумбия университетинин профессору Рафиз Авазов “Россия өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп, атайын бир шарттарды сунуштап жатат. Мисалы, Россия дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин да кээ бир тармактарын, мунун ичинде айыл чарба рыногун башка өлкөлөрдүн продукциялары менен атаандаша алганда гана ачабыз”,- деген ойдо.
 
Ал эми Кыргызстандын экономикасы алсыз, тышкы соодада ансыз да импорт, экспорттон көбүрөөк көз каранды. Ушундан улам коомчулук арасында, “Бажы биримдиги Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Алыскы чет өлкөлөрдөн импорттолуучу товарлардын баарысынын баасы кымбаттайт. Мындан тышкары, тышкы экономикалык байланыштарды да өз алдынча жүргүзө албай калабыз,”- деген да пикирлер жаралбай койгон жок.  
 
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин айтымында,” Кыргызстандын эгемендигинин жыйырма жылында азык-түлүгүбүзбү, башка товарларыбызбы дүйнө жүзүнө көрсөтүп, сатканга мүмкүнчүлүк болду. Бирок, анте албадык. Анча-мынча гана товарыбызды Орусия менен Казакстанга экспорттогонубуз болбосо, экономикабызды Кытайдын экономикасына байлап койдук”.
 
Ошондой эле “Келечектин долбоору” коомдук уюмунун жетекчиси Аскар Бешимов да буга кошулат: “Бажы биримдигине кирген учурда башка үчүнчү бир мамлекеттерден келүүчү импорттун көлөмү болжол менен элүү пайызга кыскарат. Муну менен байланышкан жыйынтык эл керектөөчү товарларга болгон баа кескин кымбаттайт. Биздин иликтөө боюнча бирдиктүү бажы тарифинин негизинде товарлар он пайыздан жүз пайызга чейин жогорулашы күтүлөт. Дары-дармектер жана тамак аш он пайызга, кийим-кече, бут кийим болсо жыйырма пайызга, электроника отуз пайызга кымбаттайт. Баанын эң эле көп жогорулашы унааларга тиет. Анткени, анын бажы төлөмү өзүнүн сырттан сатып келген баасына барабар болуп калат экен”.
 
Кыргызстан учурда дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Бул боюнча дагы эл аралык деңгээлде макулдашкан милдеттенмелерибиз бар. Бажы биримдигине киргенде дагы муну унутпай, иш алып барышыбыз керек. Ушундан улам Кыргызстандын дүйнөлүк бажы уюмуна кирүү чечими дүйнөлүк соода уюму менен макулдашкан нормаларга туура келеби деген собол пайда болот. Адистердин айтымында, мындай көрүнүш буга чейин катталган эмес экен. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп туруп, башка соода уюмуна мүүчө болуп кирип кеткен мамлекеттер жок. Белгилүү болгондой, дүйнөлүк соода уюмунун негизги максаты уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода боюнча тарифтерди жана ар кандай тоскооолдуктарды азайтуу. Ал эми бажы биримдигинин мүчөлөрү башка чет мамлекеттер менен соода-сатык жүргүзүү, жогорку бажы жана салык боюнча тоскоолдуктарды жөнгө салат. Демек, кыргыз өкмөтү туура чечимдер менен мыйзамдарды кабыл алса гана экөө менен тең иштешип кетиши ыктымал. Эгерде бажы биримдигинин мүчөсү болуп туруп, дүйнөлүк соода уюмуна каршы мыйзамдарды чыгарууга өтсө, анда дүйнөлүк коомчулуктун алдында Кыргызстандын беделине чоң доо кетет.
    
Бажы биримдигине кирүү демилгеси боюнча учурдагы башкы маселе сүйлөшүүлөрдү Кыргызстандын кызыкчылыгын жоготпогондой кылып жүргүзүүдө. Ал эми жогорку эшелондогу аткаминерлерибиз бул сүйлөшүүлөрдү канчалык деңгээлде татыктуу жүргүзө алыша тургандыгынан республиканын, элибиздин келечеги көз каранды.
 
Г.Турдалиева