Туйгунаалы Абдраимов Бакиевди бийликке алып келген, Акаевдин марионеткасы болчу деп айтылууда, бирок мен 2005-жылы революциялык кыймыл болгондон кийин БШКга келгем, деди БШКнын жаңы курамынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 5-июлдагы маалымат жыйынында.

 

«Ал эми Бакиевди бардыгыбыз алып келгенбиз. Президент, премьер-министр дагы алып келген. Дагы революция болот деп эч ким күткөн эмес. Калыс бийликке умтулбасак, кыргыз эли дагы революция сыяктуу кадамдарга барышы мүмкүн», - деди ал.
 
Баракелде