Бишкек – “Саясат.kg”. 3-июлда ИИМ Мыйзамсыз баңги затын соодалоого     каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Шамалдуу-Сай поселогунда (Ташкөмүр шаары) баңги затын мыйзамсыз сактаган адам кармалды. 55 жаштагы С. атуу жергиликтүү жашоочудан милиционерлер 10 кг. 500 гр. марихуана табышкан.
 
Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБнин тергөө бөлүмү иликтөө иш чараларын жүргүзүүдө.