Бишкек – “Саясат.kg”. Алай районунун Мурдаш айылындагы Тоголок-Дөбө участкасында 2-3-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, 16 үйгө коркунуч жаралган.
 
Жер көчкүнүн көлөмү 1,6 миң м3. түзгөн. Табият кырсыгы 3 сарайды сүрүп кетип, адам өмүрүнө жана мал жандыкка зыяны тийген эмес.
 
Анткен менен 90дон ашык адам жашаган 16 үйгө коркунуч жаралып, алар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Жер көчкөн аймакты ӨКМ мониторинг жана ыкчам чара көрүү департаментинин адистери иликтөөдө.