Бишкек – “Саясат.kg”. Кемин районунда Чүй дарыясына агып кеткен 4 адамдын денеси изделүүдө. 1-июль күнү эртең менен Бишкек-Торугарт (Боом капчыгайы) жолунун 129-130 чакырымында Чүй дарыясына «Мерседес-Бенц» автомашинасы кулап кеткен. Бул окуя тууралуу кырсыкка күбө болгон айдоочу, Сокулук районунун жашоочусу М. Байсалбаев (1989-ж.т.) дарыяга кулаган автомашинада 4 адам болгондугун айтып берди: айдоочу жана 3 жүргүнчү.

 
Эки белгисиз бойдон жоголгон адамдын ким экендиги такталды: Бишкектин жашоочусу К.Султанов (1985 ж.т.) жана  Шопоков шаарынын жашоочусу Ж.Жуманалиев (1988 ж.т.). Дагы эки кыздын аты-жөнү такталууда.
 
2-июлда дарыяга агып кеткен адамдарды издөөгө ӨКМ Токмок шаардык бөлүмүнөн 6, Бишкектен 4 куткаруучу жөнөп кеткен. Мындан тышкары кырсыкка кабылган адамдардын 80ге жакын туугандары куткаруу иштерине катышууда. Тилекке каршы азырынча эч кандай натыйжа жок.
 
Бирок издөө учурунда башка адамдын сууга аккан денеси табылды. Ал Кемин районунун жашоочу Ю. Жабанов (1955-ж.т.) болуп чыкты.  Сыягы, бул адам 1-июлда балык уулоого чыгып, дарыяга кулап кетсе керек. Анын денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.