Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Женбеков 1-июлда Ош шаарында «Акиpress-Фергана» маалыматтык-аналитикалык бюросунда журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, анда шаардык кеңештин эки депутат аялы Каныкей Кулмашова, Нурсулуу Атажанова жөнү жок асылып жатканы тууралуу айткан. Бул тууралуу аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаева билдирди.

 

 

Маалымат жыйында сөз кылган шаардык кеңештин депутаты Нурсулуу Атажанова шаар мэринин милдетин аткаруучу М.Женбековдун койгон дооматтарына өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө билдирди. Биринчиден, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу М.Женбеков өзүнүн берген маалыматында «ажиотаж кылып жаткан болгону 2 депутат: Кулмашова Каныкей, Атажанова Нурсулуу»,- деп айтат. Бирок, бул сөздөрү чындыкка такыр коошпойт, себеби маалым болгондой анын отчетун Жалал-Абад шаардык кеңешинин 15-июндагы кезектеги 18-сессиясында 9 гана депутат колдоп, натыйжада М.Женбековдун отчету өтпөй калганы, көп депутаттарга анын иши жакпагандыгын көрсөтөт. Экинчиден, бүгүнкү күндө мэрдин милдетин аткаруучу М.Женбековго козголгон кылмыш иштеринин жана Орусиянын жарандыгынын негизинде депутаттардын ишеничин актай албай жаткандыгын «мага болгон нааразычылык бул эки гана депутаттын жеке кызыкчылыгынын айынан болуп жатат» - деп элди адаштырууну көздөп жатат.
 
Шаардын борбордук базарына менин эч кандай тиешем жок. Борбордук базарда менин, же жакын туугандарымын жеке кызыкчылыгы боло турган болсо, шаардын мэри маалымат жыйынында белгилеп көрсөткөндөй, анда базарды алып койгон убакытта М.Женбековго карата бир нече сын пикирлерди айтып, ага тоскоолдуктарды көрсөтмөкмүн. Борбордук базардын маселеси убакыт келгенде укуктук талаады мыйзам чегинде тиешелүү органдар тарабынан чечилээрин баса белгилеп кетким келет. Ал эми анын базардан түшүп жаткан акча суммалары чындыкка дал келбей. Үчүнчүдөн, буга чейин интернет-сайттарда жарыяланган «Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу М.Женбеков өкмөттүн буйругу менен бошотулду жана анын ордуна Абдыманап Туратовдун кандидатурасы каралууда»,- деген маалымат боюнча төмөндөгүлөрдү билдиремин: «А.Туратовдун кандидатурасы шаардын мэринин милдетин аткаруучунун ордуна каралып жатат» - деген маалыматты шаардык кеңештин төрагасы Таалай Энназаровдон телефон аркылуу угуп жана бул маалыматты анын өтүнүчү менен интернет сайтка билдиргенбиз.
 
Ал эми «Өкмөттүн буйругу чыкты» - деген маалымат биз тарабынан берилген эмес, муну «24.kg» сайтынын журналисти Дарья Подольская 27-июнь күнү билдирүү менен тастыктады. Төртүнчүдөн, 2010-жылдын 15-июнунда №465-буйрук менен Убактылуу Өкмөт тарабынан «Жалал-Абад шаарынын элин азык-түлүк продуктылар менен камсыз кылуу» максатында келген 10 млн сом акча каражатын максаттуу пайдалангандыгын, анын сметасы шаардык кеңеш тарабынан бекитилгенин белгилейт. Эгерде мэрдин милдетин аткаруучу М.Женбеков ошол акчаны максаттуу пайдаланган болсо, анда эмне үчүн акча каражатын чыгымдап бүтүп, анан сессияга бекитүүгө сунуштайт. Мен сессияда каршылыгымды айтып, чыгымдоо боюнча отчетун берүүсүн талап кылгамын. Эмне себептен, Жалал-Абад шаарынын элине азык-түлүк үчүн бөлүнгөн акча каражатын башка район-шаарларга берип жиберет?
 
Бул акча каражаты максатсыз пайдалангандыгын мен эмес, эсептөө палатасы аныктап чыгып, укук коргоо органдары тарабынан иш козголуп жаткандыгына эмнегедир М.Женбеков бизди күнөөлөп жатат? Бешинчиден, 2010-жылдын 15-мартында жергиликтүү бюджеттен Санкт-Петербург шаарына боз үй тигүү үчүн 100 миң сом акча каражатын «Биримдик Кыргызстан» деген коомдук бирикменин атынан алат. Бирок, бул боз үй учурунда сатылып алынган эмес. М.Женбеков убагында сатып ала албай калгандыгын ар кандай жагдайларга байланыштырып көрсөтөт. Бир жыл убакыт өткөн соң каржы полициясы тарабынан иш козголгондон кийин гана 28-январь, 2011-жылы жергиликтүү бюджетке ал акчаны кайтарат. Алтынчыдан, Жалал-Абад облустук каржы полиция башкармалыгы Орусиянын Юстиция министрлигинин башкы башкармалыгына Санкт-Петербург шаарындагы «Биримдик Кыргызстан» коомдук бирикмесинин катталгандыгы туурасында маалымат сураган. Ал суроого 15-апрель 2011-жылы жооп каты облустук каржы полиция башкармалыгына келген. Баарынан кызыгы анда «Санкт-Петербург шаарындагы «Биримдик Кыргызстан» коомдук бирикмеси жана анын мөөрү Орусиянын аталган шаардагы юстиция башкармалыгынан өтпөгөндүгү 2006-жылы каттоодон баш тартылгандыгы боюнча маалымат келген.
 
Жыйынтыгында жалпы коомчулук Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу жөнүндө Кыргызстандын бир катар ММКга чыккан макаларлардан таанышып жатышкандыгын белгилеп кетким келет. Акырында М.Женбековго айтарым, шаардык кеңештин депутаты болуп саналган эки айым менен кайым айтышуунун ордуна, өзънън үстүнөн козголгон 3 кылмыш иши боюнча биздин атыбызга көө сүйкөп, эл алдында актануунун ордуна, кылмыш ишин козгогон тергөө органдарына туура көрсөтмө берип, актансын дейт элек.
Мындан ары да кайым айтышууну токтотпой, көрүнгөн жерде ар кандай сөздөрдү айтууну уланта бере турган болсо, анда мен ачык баардык коомчулуктун алдында М.Женбековду теледебатка чакырам, - дейт Н.Атажанова.
 
Баракелде