Бишкек – “Саясат.kg”. КР БШК жаңы курамынын 4-июлдагы алгачкы жыйынында төрагалык кызматка эки талапкер көрсөтүлдү.
 
Алар Ишенбай Кадырбеков («Ата-Журт») жана Туйгунаалы Абдраимов («Ар-Намыс»).
Азыркы учурда бюллетендерди добушка даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
 
Талкуу учурунда Т. Абдраимов мурда БШКнын мүчөсү, андан соң төрагасы,  кийин Кыргызстандын Кореядагы элчиси болгондугу белгиленди.
 
Ал эми И. Кадырбековго карата ал мурда депутат болуп иштегендиги, мыйзамдарды жакшы билгендигине басым жасалып, эгер төрага болуп шайланып калса, БШК нын ишин мыйзамдын негизинде алып барары айтылды.