Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы тарыхый-архитектуралык «Ыдырыс пайгамбар» атындагы күмбөзүндө туристтик сезонго карата толугу менен көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери бүтүп, зыярат жасоого келүүчү туристтерди тосуп алганга даяр болду. Бул тууралуу обладминистрациясынын экономикалык өнүгүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бөлүмүнүн сектор башчысы Мырзамамат Кебекбаев аймактык кабарчы Анархан Жаңыбаевага билдирди.

 

Анын айтымында, «Ыдырыс пайгамбар» атындагы туристтик объектинде иштеген кызматкерлер медициналык кароодон өткөрүлгөн, келген туристтерди каттоо үчүн атайын журнал ачып коюшкан. Тарыхый-архитектуралык комплекс электр жарыгы менен камсыздалган, комплекске чыгуучу жолго цементтен тепкичтер, кармап чыгуу үчүн трубалардан тосмолор жасалган. Райондук санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан текшерилип, санитардык-гигиеналык абалы талапка жооп бере тургандыгы жөнүндө акт түзүлгөн.
 
«Орто Азия өлкөлөрүнөн зыярат кылуу үчүн келген зыяратчы туристтерди «Ыдырыс пайгамбар» күмбөзүнүн айланасында калкка акылуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруп алышкан жеке атуулдар тейлеп жатышат. Мындан тышкары, райондун аймагындагы «Баркырак» корук бөлүмүнүн Кокту-Кайың участкасына келген туристтерге бээнин сүтүн ичип дарылануу сунушталат жана кымыз, токоч, улуттук тамактар менен тейлөө жагы уюштурулган», - дейт М.Кебекбаев.
Баракелде