6-июлда Бишкектеги ЕККУ кеңсеси массалык нааразылык акциялар учурундагы журналисттердин коопсуздугу тууралуу талкуу уюштурат. Талкууда журналисттерге карата кол салууларга ММК өкүлдөрү өздөрү күнөөлүбү же коомдо журналисттерге карата мамиле агрессивдүү болуп баратабы деген суроо коюлат.

Бишкектеги ЕККУ кеңсеси уюштурган бул иш-чарага элчи Эндрю Тесорьер, медиа уюмдар өкүлдөрү катышат. Журналисттерге карата ыдык көрсөтүү фактылары боюнча ИИМ жана УКМК органдарынын комментарийлери боюнча талкуу жүрөт.
Азаттык