Бул тууралуу макулдашуу кыргыз жана казак өкмөт башчылары ортосунда 3-июлда  жүргөн сүйлөшүүлөр учурунда жетишилди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Алмазбек Атамбаев менен Карим Масимов ортосунда мындан тышкары электр энергиясын экспорттоо, кыргыз-казак инвестициялык фондун түптөө тууралуу пикир алмашуулар болду.

Казак өкмөт башчысы Карим Масимов Бишкекке июль айынын этегинде иш сапары менен келиши күтүлүүдө.
 

 

 

 

Азаттык