Кыргызстан президенти Роза Отунбаева Биринчи радиого берген маегинде Боршайкомго мүчөлөрдү шайлоо тууралуу маселесине токтолду.

 

 

Анын айтымында, 30-июндагы парламенттин акыркы сессиясында парламентке кайрылуу жасаган жана бир талап койгон: президентти шайлоо күнүн дайындап, эки мыйзам — президентти шайлоо жана БШК курамын түзүү принциптерин сөзсүз карап бергиле деп.
 
«30на чейин бул мыйзамдар каралбай турду. Сотторду тандоо кеңеши сыяктуу орчундуу мыйзамдар каралбай калып жатканынан мен сурангам. Мына эми, 30-октябрда президенттик шайлоо болоорун билдик, эки мыйзам кабыл алынды, жол ачылды, башкача айтканда. Өткөзөбүз дегенге көзүбүз жетип турат», - деди президент.
 
Мамлекет башчысы билдиргендей, БШК курамына ал көрсөткөн эки талапкер өтүп, экөө өтпөй калды - Сариев жана Ирискулбеков. «Менин милдетим - ачык-айкын шайлоо өткөзүү. Мыйзам жактан кынтыксыз болуп, элге таанымал жана билгендей болуш керек. Шайлоо комиссиясы 12 адамдан түзүлөт, төрагасын өздөрү шайлап алат. Парламенттик көпчүлүк төрт, азчылык төрт жана президент 4 талапкерди көрсөтөт. 8 адамды парламент аркылуу эски, 1998-жылкы мыйзам менен шайлап алышты. Ошондо азыркы курам жаңы жана эски мыйзамдардын негизинде түзүлүп атат. Бул тууралуу мен бир нече жолу айттым. Шайлоонун аягында кайсы талапкер болбосун, чыр-чатак чыгаргысы келген адам алып чыкса болот бул маселени. БШКнын курамы жарымы тигиндей, жарымы мындай, деп. Мен унчукпай жутуп кое албайм муну. Биз мыйзамдарды өткөзүп атканда, кынтыксыз түрдө кылуу керек баарын», - деди Р.Отунбаева.
Баракелде