“Кош болуңуз Нурлан аке!
Бүгүн, 26-июнда, элибизге аттын кашкасындай таанымал саясатчы, журналист, блогер Нурлан Мотуев акка моюн сунду.
Нурлан аке менен тээ илгери "Кыргыз Руху" гезитинде чогуу иштеп калган элек.
Нурлан аке беттегенин бербеген өжөр, оюндагысын шыр айткан чыныгы баатыр адам эле.
Кезинде бир топ жыл Америкада жашагандыктан, англис тилин суудай билчү.
Өзүн ар тараптуу өнүктүргөн, коомчулуктан бир кадам алдыда жүргөн инсан болчу.
Аз өмүрүндө Нурлан аке эл үчүн деп көп кыйынчылыктарды көрдү. Бирок аны эч кимге доомат кылган жок.
Эч кимге окшошпогон, эч кимди туурабаган, "эл эмне дейт?" дебей эркин жашаган адам эле.
Кесиптешибиз Нурдин Мотуев агама жана жакындарына ак дилден көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар.
Кош болуңуз, Нурлан аке! Жараткан сизге бейишин насип кылсын!”,- деп жазды журналист Бакай Абдымалик “Фейсбук баракчасына.
“Саясат.kg” маалымат-аналитикалык порталынын жамааты кесиптешибиз, белгилүү коомдук-саясий ишмер Нурлан Мотуевдин каза болгондугуна байланыштуу бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Мыкты инсан эле, анын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат...