Печать
Категория: Коом
Просмотров: 53

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарандарга жөнөкөй, бирок маанилүү эрежелерди сунуштады.

Анткени ден соолукка кам көрүү ичеги-карын инфекцияларын дарылоого караганда алдын алуу жеңилирээк.

Дайыма колду таза алып жүрүү керек. Тамак даярдоонун жана тамактануунун алдында, дааратканага баргандан кийин, көчөдөн келген соң жана жаныбарлар менен байланышта болгондон кийин колуңузду самындап жууңуз.

Коопсуз суу ичиңиз. Кайнатылган же бөтөлкөгө куюлган коопсуз ичүүчү сууну пайдалануу зарыл. Ошондой эле жашылча-жемиштерди жакшылап жууңуз.

Жай мезгилинде даяр тамактарды бөлмө температурасында 2 сааттан ашык калтырбоо кажет. Тез бузулуучу азыктарды муздаткычта сактаганды унутпаңыз.

Азык-түлүктү уруксат берилген жерлерден гана сатып алуу керек. Башаламан соода жүргүзүлгөн жерлерден азык-түлүк сатып алуудан алыс болуу шарт жана жарактуулук мөөнөтүнө көңүл буруу маанилүү.

Эгер жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү, ичтин оорушу же дене табынын көтөрүлүшү байкалса, өз алдынча дарыланбастан, өз убагында дарыгерге кайрылуу зарыл.

Кабар