Печать
Категория: Коом
Просмотров: 64

Клиникалык психолог Кира Макарованын айтымында, тынчсызданууну дары-дармек ичпей эле жоготууга болот. Ал үчүн маал-маалы менен сууда сүзүү жана таза абалда сейилдөө жардам берет.

Адис белгилегендей, заманбап жашоодо комфорт үчүн төлөм – барган сайын тынчсыздануу жана депрессивдик абал болууда. Адамдын психикасы ушундай түзүлгөн: кандай учурда болбосун тынчтыкты жана аракеттин аздыгын тандайт. Так ошондуктан адам күнүмдүк жашоосуна өзү билип кыймылдуу активдүүлүктү кошуусу зарыл.

Ошол эле учурда катаал талаптуу профессионалдык спорт бардык адамдарга эле туура келе бербейт. Тескерисинче, аз жүктүү, врачтын сунушу менен тандалган спорт маанилүү биохимиялык процесстерди ишке киргизет дагы, менталдык ден соолукка өтө чоң пайдасын берет.

“Ден соолугуңузга ылайык келген аз түйшүктүү спорт дайыма пайдалуу. Бул биринчи кезекте – сууда сүзүү жана жөн гана жөө басуу”, - деген Кира Макарова.