Бишкекте 17-20-июнь күндөрү Фучик, Чүй, Манас, Абдрахманов, Ахунбаев жана Жибек Жолу проспектилеринде маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, эртең борбор калаада КМШ мамлекеттеринин ИИМ жетекчилеринин VI кеңешмеси өтөт.
Мындан улам жол милициясы аталган көчөлөрдө коомдук тартип жана жол кыймылынын коопсуздугу тынымсыз көзөмөлгө алынарын белгиледи.
Спутник