Мындай пикирин Россия Федерациясынын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XIX форумунун алкагында билдирди.
Ал өз сөзүндө Бишкек жана анын айланасы кандай өзгөргөнүн көрүп, борборго карап эле өлкө кандай өзгөрүп жатканын байкоого боло тургандыгын айтты.
"Биз бул XIX форумду Кыргызстанда өткөрүүнү чечтик. Анткени биздин көрүнүктүү жердешибиз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүүнүн алкагында ушундай чечим кабыл алынган. Бул форумдан кийин дароо эле советтик жана постсоветтик турмушка чоң таасирин тийгизген Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган дагы бир форум өтөт. Бул эки форумдун бири-бирине катарлаш өтүүсүнүн символикалык мааниси бар. КМШга 35 жыл болду, бул убакыт аралыгында абдан көп нерсе өзгөрдү, абдан көп биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды", - деди ал.
Швыдкой белгилегендей, бүгүнкү форум КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алдыдагы 100 жылдыгына даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлүүдө.
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин айтымында, форумду өткөрүүнүн демилгечилеринин бири Михаил Швыдкой болуп саналат.
"Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын XIX форуму өткөрүлүп жатат. Бул биз үчүн, албетте, сыймык. Иш-чаранын демилгечиси – биздин жердешибиз, КМШдагы көрүнүктүү ишмер Михаил Швыдкой өзү баштап келип катышып отурат. Форумга КМШга кирген өлкөлөрдүн эң мыкты акындары, жазуучулары, илимий ишмерлери катышууда", - деди мамлекеттик катчы.
Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын эки күнгө созулган XIX форумуна катышуу үчүн Шериктештик өлкөлөрүнөн 200гө жакын маданият жана илим өкүлдөрү келишкен.
Кабар