Печать
Категория: Коом
Просмотров: 254

Бул туурасында Россия элчиси Сергей Вакунов КРСУда өткөн эл аралык форумда айтты.

"Чыңгыз Айтматовдун "эки тил куштун канатындай" деп алардын өз ара байланышы тууралуу айтканы бардыгыбызга белгилүү. Азыркы доордо эки же андан көбүрөөк тил билүү, албетте, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат", — деди элчи.

Элчи, андан сырткары, төмөнкүлөргө токтолду:

- орус тили жана россиялык билим керек болуп турган азыркы шартта Кыргызстандагы илим жана билим жаатындагы долбоорлор колдоого алынууда. Ага тогуз мектептин курулушун, КРСУнун кампусун, окуу китептерин жана "Русский учитель за рубежом" программасын кошсок болот;
- бүгүн 255 миллион киши орус тилинде сүйлөйт. Бул тилди билүү эл аралык алака-байланышта жакшы жардамын берип, өзгөчө билимге ээ болууга өбөлгө түзөт;
- кыргыз тилин өнүктүрүп, үйрөнүүгө да бир топ көңүл бурулууда. Уфада Акмолла университетинде Манас-Урал каанасы бар, КРСУда Кыргыз тили жана Манас таануу борбору иштейт. Урал федералдык университетинде Кыргыз таануу борбору түптөлгөн.

Спутник