Мындай мыйзам долбоору ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында каралды. 

Демилгечи депутат Камила Талиева билдиргендей, бул мыйзам долбоорунда бир катар өзгөртүүлөр камтылган. 

Биринчиси, шайлоо күрөөсүн алдын ала төгүү. Экинчиси, үгүтчүлөрдүн санын азайтуу. 

Талиеванын айтымында, буга чейин, өткөн жылдын ноябрында өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо ар бир талапкер миңге чейин үгүтчү ала алаары көрсөтүлгөн. 

"Бирок бул талапкерлер ортосундагы адилетсиздикти камсыз кылды. Анткени бир талапкер миң үгүтчү алууга кудурети жетсе, экинчиси жүз дагы ала албайт, аларга да айлык акы берүү керек", - деди ал. 

Белгиленгендей, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда шайлоо округдарындагы ар бир шайлоо участокторуна бир талапкерге 3төн көп эмес үгүтчү каралат. Ошондой эле, талапкер БШКга арыз таштаардан мурда биринчи шайлоо күрөөсүн - 300 миң сомду төгүшү керек.