Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча «Open International Biology Olympiad» (OIBO-2026) эл аралык олимпиадасында жети медаль утушуп, ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Мелдеш 15–22-май күндөрү Орусиянын Сочи шаарындагы «Сириус» билим берүү борборунун базасында өттү. Ага 18 өлкөдөн 100дөн ашык окуучу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында, Кыргызстандан барган курама команда жеке эсепте 1 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алды. Алар:

Алтын медаль: Дмитрий Рубан, «Сейтек» STEM мектеби;
Күмүш медаль: Нурсултан Увалиев, «Сейтек» STEM мектеби;
Улукбек Русланбеков, «Сейтек» STEM мектеби;
Атахан Исираев, «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси;
Анатай Нурланов, №61 мектеп;
Коло медаль: Эржан Асанов, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи.

Мындан тышкары, Кыргызстандын курама командасы топтук долбоордук (Project Round) баскычында алтын медалга татыды. Команданы Асхатбек Темиркулов машыктырган.

Репортер