Печать
Категория: Коом
Просмотров: 648

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бекмурза Эргешов турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткан адамдар ага кайрылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, жарандар турак жай кооперативдери менен соттошууда, бирок 5 жылдан ашык убакыттан бери акчасын да, үйүн да ала албай келишет.

"Эл материалдык гана эмес, олуттуу моралдык зыян да тартып жатат", - деген Бекмурза Эргешов бул маселени карап, жабыр тарткан жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүүнү өтүндү.