Печать
Категория: Коом
Просмотров: 460

Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиги жогору болгон операцияларга байланыштуу 50 юридикалык жактын ишин токтотконун аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалымдалгандай, бул чечим жаңы мекемелер аралык механизмдин алкагында биринчи жолу кабыл алынды. Ага ылайык, компаниялардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле санкциялык режимдерди айланып өтүү фактылары боюнча маалыматтарды караган башка мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган.

Министрлик билдиргендей, бул чара улуттук экономиканы коргоо жана Кыргызстан үчүн Батыш өлкөлөрүнүн мүмкүн болгон экинчи санкцияларынын терс кесепетин алдын алуу максатын көздөйт.

Иши токтотулган компаниялардын тизмеси жарыяланган жок.

Спутник