Печать
Категория: Коом
Просмотров: 26

Бүгүн, 11-майдан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында жетекчилер жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүшөт.

Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин шаар тургундары менен жолугушуу графиги белгилүү болду. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров бардык жетекчилерге эл менен жолугушуп, маселелерди жеринде чечүүнү тапшырган. 

Мамлекет башчы аймактарга жумушчу сапарга чыкканда эл тарабынан көтөрүлгөн маселелердин 80 пайызга жакыны облустук деңгээлдеги маселелер экени анык болгон. 

Мындан улам президент облус жетекчилерине калк менен жолугушууну тапшырган. 

Садыр Жапаров көйгөйлөрдүн көбүн жергиликтүү деңгээлде чечсе болорун белгилеп, "буга байланыштуу облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө,  прокуратура, ИИМ, ӨКМдин өкүлдөрүнө бекитилген графикке ылайык, ар бир айыл өкмөткө барып, жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүнү жана жарандардын көйгөйлүү маселелерин карап чыгууну тапшырганын" билдирген.

Жанар Акаевдин эл менен жолугушуу графиги: