Печать
Категория: Коом
Просмотров: 58

Жакында соцтармактарда Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы фонтанга сууга түшкөн кыздын видеосу соцтармактарга тараган болчу. 

Бул боюнча Биринчи май РИИБи тарабынан катталып жана текшерүү иштери башталган.

Жыйынтыгында, 1991-жылы туулган Ж.А. жана 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар аныкталды.

Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) жана 109-беренеси (анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу) боюнча протоколдор түзүлдү.