Жакында камакка алынган журналист Нургазы Анаркуловдун апасы Шаазада Жолматова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. 

Кайрылуунун тексти: 

Урматтуу Садыр Нуркожоевич!

Эң алды менен сиздин бүгүнкү күндө жасап жаткан иштериңизге ыраазычылык билдирем. Сиз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп, бир топ алдыга жылдырдыңыз. Сизди адилеттүү, калыс, баарына туура так чечим чыгарган ажо деп билебиз.

Менин уулум, журналист Нургазы Анаркуловдун тагдыры ойлонтуп жатат. Сиздерге терең кайгыруу жана үмүт менен кайрылып жатам. Эне үчүн баласынын мындай абалда турганын көрүү жүрөккө өтө оор жана  Аллахтан келген сыноо деп билем.

Мен өз баламдын кетирген катасы болсо, энелик жүрөгүм менен сиздерден ийилип туруп кечирим сураймын. Нургазы буга чейин коомго зыян келтирбеген, үй-бүлөсүнө камкор, жакындарына жардам берген, боорукер, эч жамандыгы жок адам.

Уулум массалык башаламандыкка айыпталып жатыптыр. Баламды кыргызмын деп жүрөгү соккон, патриот, чынчыл, таза адам катары билем. Эч убакта андай жаман ишке бара турган адам эмес эле.

Балким, кимдир бирөөлөр, уулумдун артына жашынып иш кылгандыр. Бирок ал ар дайым Сиздин саясатыңызды колунан келишинче колдоосун аяган эмес.  

Уулум Нургазы кеп жылдан бери II-чи типтеги кант диабети жана жүрөк оорусу менен ооруйт, үй-бүлөсүндө жалгыз багуучу, карамагында жаш балдары бар, аялы болсо мектепте мугалим.

Ошонун баарын эске алып, кечирип, кечирим берип, үй камагына чыгарып беришиңизди мен сизден көптөн көп өтүнөм. Эне жүрөгүм менен башымды ийип суранам.

Сизде үмүтүм чоң. Жараткан Аллах сизге эки дүйнөнүн бактылуулугун берсин!

Аллах сизден ыраазы болсун!

2026-жылдын 23-февралы
Нургазы Анаркуловдун апасы Жолматова Шаазада