Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1291

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февралда милицияга Ак-Суу айылынын 2009-жылы туулган тургуну (16 жашта) кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, өспүрүм кыз суракка алынган.

Кызды суракка алуу учурунда анын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — психологиялык абалына байланыштуу мыйзамдуу өкүл катары катышуудан баш тарткан. Мындан улам сурак Ак-Суу райондук Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкеринин катышуусунда катышуусунда өткөн.

Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында М.А. үйүнөн чыгып кетип, өзүнө бензин куюп өрттөгөн. Ал Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилгени менен алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ак-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

24.kg