Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1506

Депутат Дастан Бекешев мектеп формасы боюнча өлкөнүн ар аймактарындагы мектеп окуучуларынан кайрылуулар келип жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Айтымында, учурдагы ак жекте, кара шым-костюм, а кыздарга юбка болгон мектеп формасы окуучуларга ыңгайлуу эмес. 

"Карда калышат, жамгырда мектепке барышат, форма ыңгайлуу эмес. Ысыкта абдан кыйналышат. Мисалы, Кытайда окуучулар спорттук кийим кийишет. Мен мектеп формасын такыр жокко чыгаралы деп айтпайм, ал дагы дисциплина. Бирок ыңгайлаштыруу керек. Эмнеге футболка менен джинсы кийүүгө болбосун. Эмнеге кыздарга сөзсүз юбка кийиш керек деген эреже чыккан? Менимче бул союздан калган эски түшүнүк", - деди ал.