Депутат Жылдыз Курманалиева Өзбекстандан бал аарыларын алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады. 

"Кыргыз балы чынында сапаттуу. Кыргызстанда өндүрүлгөн балды Россияга киргизүүдөгү коюлган чектөөлөрдү алуу боюнча маселени карап чыгыш керек. Ошондой эле Өзбекстандан бал аарыларын алып кирүүгө тыюу салуу кажет. Ошондо кыргыз балы дагы да сапаттуу болот", - деди Курманалиева.